Жалал-Абадда мектеп окуучуларынын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат

Жалал-Абадда мектеп окуучуларынын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.

Учурда балдар каттаган мектептерде Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барышууда.

Алар унаа көп жердеги жол чийиндерден окуучулардын өтүшүн жана коомдук тартипти көзөмөлдөп жатат.

Ошондой эле айдоочуларга унаасын мектеп айланасында акырын айдоо керектиги түшүндүрүлүп,

жол эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө.