Оор жүк ташуучу унаалардын күндүз Бишкектен жүрүүсүнө чектөө киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү

Оор жүк ташуучу унаалардын күндүз Бишкектен жүрүүсүнө чектөө киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Сунуш бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Белгиленгендей, көлөмдүү транспорт тыгындарды жаратып, борбордун экологиясын бузуп жатат.

Башка өлкөлөрдө жүк ташуучу унааларды шаарга түн ичинде гана киргизген практика бар.

Убакытты да, мисалы, саат түнкү 1ден 6га чейин белгилесек болмок, — деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, маселе буга чейин да талкууланганы менен майнап чыга элек.