Транспорт, турак жай жана жер тилкесине салыкты төлөөгө үч күн калды.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салыкты онлайн төлөсө болот.
Төлөмдөрдү бардык банк кассалары, почта бөлүмдөрү, POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу жүргүзүү мүмкүн.
Бул үчүн тиешелүү реквизиттерди билүү керек.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.