УКМК: Жаш жоокерлер аскердик ант беришти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 64479-аскер бөлүгүндө күзгү чакырылыштагы жаштардын толуктоосунун Аскердик ант берүү аземи өттү.

Иш-чарага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, 64479-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, «Жоокерлердин энелери» комитетинин төрайымы Байгубатова Уулкан Жумашевна, УКМКнын ардагерлери, ошондой эле ата-энелер катышты.

Ачылыш аземинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаш жоокерлерге ак ниет кызматты, кынтыксыз тартипти жана бардык билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүн каалады.

Ошондой эле, аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик милдетин өтөп, аскердик билимди өздөштүрүүсүнө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.