Дары-дармектерди жүгүртүүнү көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке кирет

Кыргызстанда дары-дармектерди жүгүртүүнү көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке киргизилет.

Саламаттык сактоо министрлиги бул жаңычылдык контрафакттык продукция менен күрөшүүгө жана дарылардын сапатын жакшыртууга жардам берерин белгиледи.

Мындан тышкары, рынокко толук көзөмөл киргизилип, медициналык буюмдардын баасын жөнгө салууга мүмкүн болот деп күтүлүүдө.

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине бул системаны ишке киргизүүнү тездетүүнү тапшырды.