Кыргызстанда коронавирустан дагы 25 бейтап айыкты

Кыргызстанда коронавирустан дагы 25 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 2, Ош шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Нарында 16, Ош облусунда 1 адамдын анализи таза чыгып, ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен, өлкөдө коронавирус жуктуруп, айыккандардын жалпы саны 395ке жетти.