Улуттук банк Санарип сомду ишке киргизерден мурда алгач анын демонстрациялык версиясын иштеп чыгып, сынап көрөт.
Бул тууралуу мекеменин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди. Азыркы учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы бар – биринчиси кадимки накталай сом, экинчиси банктардын эсептеринде турган накталай эмес сом. Мында накталай эмес акча накталай акчанын эсебинен жүгүртүлөт.
Санарип сом – улуттук валютанын үчүнчү формасы катары жүгүртүүгө киргизилет жана ал жөн гана санариптик код түрүндө болот. Жарандар Санарип сомду бири-бирине которо алат, төлөм жүргүзүп, салык катары да төлөй алат.