Балдар массалык түрдө ууланган мектептин жетекчилигине чара көрүлдү

Балдар массалык түрдө ууланган мектептин жетекчилигине чара көрүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Байтик айылындагы мектепте бир катар санитардык бузуулар аныкталды.

 

Протоколдор түзүлүп, жалпысынан 30 миң сомго айып салынды. Эске салсак, 8-декабрда Шаардык балдар ооруканасына 24 бала уулануу белгилери менен жеткирилген. Алар мектеп-интернаттын тарбиялануучулары экени аныкталды. Учурда абалдары канааттандыраарлык. Иликтөө жүрүүдө.