Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын кымбатташы уланууда

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын кымбатташы уланууда.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, быйыл июлга карата АИ-92

үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 53 сом 32 тыйынды туздү. Товар былтыркы

жылдын ушул эле мезгилине салыштурмаалуу 1,6 эсеге кымбаттады. Ал эми

дизелдик отундун орточо баасы 1,4ге эсе өсүп, 48 сом 11 тыйынга жетти.

Анын ортосунда өлкө боюнча эн кымбат бензин Исфанада – литри 57 сом 75 тыйындан,

Баткенде – 57 сом 12 тыйындан жана Ноокатта – 56 сом 10 тыйындан сатылууда.

Ал эми минималдуу баалар Токмокто – 51 сом 46 тыйынга,

Нарында – 51 сом 63 тыйынга жана Таласта – 51 сом 69 тыйынга бааланууда.