Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасы Кыргызстанда каттоого алынды.
Каттоо мөөнөтү — 2022-жылдын 18-февралына чейин. Бул тууралуу республикалык
иммуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, учурда айрым деталдар талкууланууда. Эмдөө кийинки жумада башталат,
вакцина региондорго бөлүштүрүлдү. Эске салсак, 28-июлда Кыргызстанга
гуманитардык жардам түрүндө QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы келген.