Кыргызстанга Кытайдан кычкылтек концентраторунун дагы бир партиясы жеткирилди

Кыргызстанга Кытайдан кычкылтек концентраторунун дагы бир партиясы жеткирилди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей,

жаңы 78 аппарат республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынды.

Жабдуулар аймактарга бөлүштүрүлөт. Учурда алар Саламаттыкты сактоо министрлигине

өткөрүлүп берилди. Ушул жумада дагы 350 аппарат келери күтүлүүдө.

Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан 2 миң кычкылтек концентраторун сатып алды.