Бүгүн Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алынып келинет

Бүгүн Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алынып келинет.

Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей,

республикага 20 миң доза жеткирилет. Эске салсак, Кыргызстанда ковидге каршы вакцинация

29-мартта старт алды. Бул үчүн Кытай гуманитардык жардам берди.

150 миң кытайлык вакцина 75 миң адамга эсептелген.