«Грэмми» музыкалык сыйлыгына номинанттар белгилүү болду

Британ ырчысы Адель, швециялык ABBA, америкалык Бейонсе жана башка аткаруучулар “Грэмми” музыкалык сыйлыгында негизги категория үчүн ат салышат.

«Жылдын альбому» номнациясына ABBA, Адель, Бейонсе, Лиззо жана Гарри Стайлс, Бэд Банни жана CОldplay кирет.

Жалпысынан “Грэммиге” номинанттар 91 категорияда көрсөтүлгөн.

Номинациялардын саны боюнча лидер Бейонсе.

Ал тогуз наамга көрсөтүлүүдө.

65-Грэмми сыйлыгын тапшыруу аземи 5-февралда Лос-Анджелесте өтөт.