Кыргызстандык 52 аскер Москвадагы парадга катышат.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей,
учурда калкты тейлөө борборунда Улуттук гвардия
аскерлеринин документтери даярдалып жатат.
Биздин аскерлер Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына
арналган иш-чарага катышмакчы. Эске салсак,
Кыргызстандын 3 ардагери да кызыл аянттагы иш-чарага
күбө болот. Алардын жол чыгымдарын Россия тарап өз мойнун алган.