Ушул жумада Нарындагы жана Оштогу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу жанданат.
Бул тууралуу турак жай-жарандык курулуш департаментинен билдиришти. Социалдык өнөктөштүк
фондуна иштерди аяктоого каражат бөлүп берүү тапшырылды. Эске салсак, Нарындагы медициналык мекеме
70 орунга чакталса, Оштогу – 100 орунга эсептелген. Ооруканаларды куруу иштери былтыр жайда башталган.