Кыргызстанда кинотеатрларга 19-ноябрдан тарта иштөөгө уруксат берилет

Кыргызстанда кинотеатрларга 19-ноябрдан тарта иштөөгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим Республикалык штабдын отурумунда кабыл алынды. Бирок расмий түрдө документке кол коюла элек.

 

Күтүлгөндөй, бүгүн түштөн кийин штаб кинотеатрларды ачуу боюнча документтерди Бишкек мэриясына жөнөтөт. Коронавирусту жайылтпоо максатында, кинозалдардагы адамдардын ортосундагы аралык жана санитардык нормалар сакталат. Эске салсак, Кыргызстанда кинотеатрлар марттан бери иштебей турду.