Ош шаарында дагы коомдук транспорт каттамга чыкты

Ош шаарында дагы коомдук транспорт каттамга чыкты. Бүгүн жергиликтүү калкты автобус жана троллейбустар ташыйт. Ал эми кичи автобустардын каттамга чыгуусуна уруксат берилбейт.

 

Коомдук транспорт айдоочулары коргонуучу кийим жана каражаттар менен камсыздалды. Жүргүнчүлөр дагы беткап жана колкап менен түшүшү керек. 20 троллейбус жана 12 автобус эки каттам боюнча иштейт. Отургучтардын 60 пайызына гана жүргүнчү салууга уруксат берилет.