Бишкектик активисттер ботаникалык бакка 30дан ашык техника тапшырды

Бишкектик активисттер өлкөдөгү жалгыз ботаникалык бакчанын кызматкерлерине өсүмдүктөрдү багуу үчүн 30дан ашык техника тапшырды. Алар бул үчүн каражатты жыл бою чогултушкан. Жалпысынан 1 миллион 600 миң сомго жакын каражат топтолгон. Бул суммага 39 буюм-тайым сатылып алынган.

 

Бишкектеги ботаникалык бакта Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр өстүрүлүп, селекциялык эксперименттер жүргүзүлөт. Паркта ар түрдүү флоранын бир нече миң түрү бар, эң негизгиси бул ордо калаа тургундарынын эс алуучу жайы.

 

Бирок техниканын жана жумушчулардын жетишсиздигинен комплекстин көпчүлүк бөлүгү жараксыз абалга келген.