Баткен районунун Ак-Сай айылында социалдык шаарча ачылды

Баткен районунун Ак-Сай айылында социалдык шаарча ачылды. Аз камсыздалган 10 үй-бүлө турак-жайлуу болду.

 

Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, курулушу бир жыл мурун башталган социалдык шаарчада 12 турак жай бар. Алардын ар бири төрт бөлмөдөн турат.

 

Анын айланасына ФАП, бала бакча, тигүүчү цех жана мечит салынат. Белгилеп кетсек, шаарчаны курууга Бириккен Араб Эмираттарынын  гуманитардык уюму бөлүп берген.