Баткен облусунда жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, кечээ күчү беш баллга жеткен
зилзаланын очогу Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан тоолордо катталды.
Жер титирөөнүн күчү калк жашаган Кара-Бак, Чок-Талаа, Газнефт, Жаңы-Жер айылдарында
беш баллга чейин жетти. Баткен шаарында 4,5 балл, Бужум, Боз-Адыр айылдарында
төрт баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыр тарткан адамдар катталган жок.