Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду

Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны

Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду.

Ал 65 килограммга чейинки салмакта алгачкы беттешти 6-августта

индиялык Бажраң Пуниа менен өткөрүп, эсеп 3:3 болду. Бирок жеңишти калыстар

индиялык спортчуга ыйгарды. Эгер Пуниа финалга чыкса, Эрназар жооткотуучу

беттеште күчүн сынап, коло үчүн күрөшүүгө жол ачылат.

27 жаштагы индиялык балбан Дүйнө чемпионатынын үч жолку байге ээси

(бир күмүш, эки коло), Азиянын эки жолку чемпиону, үч жолку күмүш,

эки жолку коло байгесинин ээси. Азия оюндарынын күмүш жана коло байгесин уткан.