Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Ысык-Көлдө 26-май күнү кечки саат 21:50дө очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн радиусу Ысык-Көл районунун айылдарын жана шаарын камтыган.
Алсак, Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылында 4 балл, Ананьево, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Чолпон-Ата шаарында 2,5 баллга чейин сезилген», — деп билдиришти ӨКМдан.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.