Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чоң ирригациялык долбоор ишке ашырылат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чоң ирригациялык долбоор ишке ашырылат. “Турмуш” агенттигинин маалыматына ылайык, Ак-Өлөң айылында  2,5 чакырымга созулган канал пайда болот.

 

Объектти куруунун баасы 510 миллион сомду түзөт. Учурга карата иштердин 70 пайызы аткарылып бүттү. Ирригациялык тармак ушул жылдын ноябрында колдонууга берилет. Кийин канал 1 миңден ашуун айдоо жерлерин сугарууга шарт түзөт.