Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы жарандардан арыздарды мындан ары электрондук түрдө дагы кабыл алат

Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы жарандардан арыздарды мындан ары

электрондук түрдө дагы кабыл алат. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматынан

билдиришти. Бул үчүн upsm.online сайты иштеп жатат. Жаран аталган порталга

кирип үч бөлүмдүн бирин тандаса болот. Анда тынымсыз байланыштын

WhatsApp номери, арыз жазуу, ошондой эле жол эрежесинин

бузулушу боюнча кайрылуу бөлүмдөрү бар