Милиция жарандарды банк картасынын реквизиттерин ачыктабоого чакырат

Бишкек милициясы жарандарды банк картасынын реквизиттерин ачыкка чыгарбоого чакырат.

Анын ичинде төрт орундуу ПИН-кодду жана арткы бетинде көрсөтүлгөн үч орундуу кодду эч кимге берүүгө болбойт.

Маалыматка ылайык, алдамчылар чалганда банктардын чыныгы телефон номурлары көрсөтүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле алар өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, банктын коопсуздук кызматы же каржы-кредиттик уюмдардын өкүлү катары тааныштырышы ыктымал.

Мындан тышкары, шектүү электрондук почталардын шилтемелерин басып, белгисиз программаларды жүктөөнүн кереги жок.

Шылуундардын торуна түшүп калган учурда дароо банкка чалып, картаны бөгөттөп, милицияга арыз жазуу керек.