Нарындын Ат-Башы районунда эттин баасы 550 сомго жетти

Нарындын Ат-Башы районунда эттин баасы 550 сомго жетти. Бул тууралуу Турмуш басылмасы маалымдайт. Сатуучулардын айтымында, эттин наркы малдын баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу көтөрүлүп жатат.

 

Кой этинин 1 килограммы 500 сомдон, уй эти 550 сомдон сатылууда. Эске салсак, 8-июндан тарта Кыргызстан аймагынан ири жана кичи мүйүздүү малды ЕАЭБ мамлекеттеринен сырткары өлкөлөргө чыгарууга уруксат берилди. Мыйзам долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Ал эми башка айрым товарлардын түрүн олкөдөн чыгарууга киргизилген тыююу жыл аягына чейин күчүндө болот.