Ордо калаадагы театрлар 1-августтан баштап кадимки режимде иштеши ыктымал

Ордо калаадагы театрлар 1-августтан баштап кадимки режимде иштеши ыктымал.

Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, эпидемиологиялык абал

турукташпаса алар онлайн режиминде ишин улантат. Учурда Чыңгыз Айтматов

атындагы орус драма театрынын rusteatr.kg сайтына кирип, спектаклдерди көрсө болот.

Ошондой эле ар бир театрдын өзүнүн сайты иштеп жатат. Жаманкулов белгилегендей,

учурда музей, китепкана жана театрлар карантинге байланыштуу жабык.