Ош шаарында 3 күндүк манас айтуу уюштурулат

Ош шаарында 3 күндүк манас айтуу уюштурулат. Анда манасчы Дөөлөт Сыдыков 3 күн тынымсыз Сулайман тоонун чокусунда манас айтат. Бул тууралуу манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова билдирди.

 

Айтымында, бул иш-чара жаз айларына пландалууда. Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков өткөн жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 14 саат 27 мүнөт манас айтып, дүйнө жүзүн таң калтырган.