Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда 27-июндан 3-июлга чейин коронавирус жуктурган 48 адам катталды. Алардын ичинде 43ү — Бишкекте. Ооругандардын үчөө ооруканага жаткырылган, алардын абалы орто деп бааланууда. Өлкөдө май айынан баштап вирус жуктургандар катталган эмес.

 

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдады. COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын мартынан бери өлкөдө 201 101 адам инфекцияны жугузган, анын 2991и каза болгон.

 

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан менен Казакстанда оору кайрадан күчөп, эки өлкө вируска каршы чараларды жандантты.