Ысык-Көлдө менчикке берилип кеткен 3 бала бакча мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда жеке менчикке берилип кеткен 3 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жалпы баасы 35 млн 610 миң сомго бааланган. Эми Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы 26 млн 10 миң сомго бааланган “Балажан” бала бакчасы, Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Арчалы айылындагы 2 млн 200 миң сомго бааланган бала бакча, ошондой эле, Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан 7 млн 400 миң сомго бааланган “Киров” атындагы бала бакча мамлекеттин балансына толук алынды.