Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын 60 пайызы босого баллдан өттү

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын 60 пайызы босого баллдан өттү. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан сынакка 51 миң  73 адам катышкан.

 

Анын 29 миң 799у же катышуучулардын 58,3 пайызы 110дон жогору балл топтой алды. Бул жылы тестирлөөдөн эң көп 236 балл алышты, эң азы – 29 упай, орточо – 122 упайды түздү.

 

Белгилеп кетсек, жогорку окуу жайларга кабыл алуу бир гана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.