Акыркы 10 жылда Бишкектин калкы 250 миң адамга көбөйдү.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2012-жылы ордо калаада дээрлик 874,5 миң адам жашаса, быйылкы жылдын башында алардын саны 1 миллион 100 миңге жеткен. Ошону менен бирге шаардын социалдык, транспорттук жана башка инфраструктурасына жүк бир топ жогорулады.
Эске салсак, 2022-жылдын 1-январына карата өлкөнүн жалпы калкынын саны 6 миллион 700 миң адамды түзгөн.