Ош шаардык соту белгисиз мөөнөткө карантинге жабылды

Ош шаардык соту белгисиз мөөнөткө карантинге жабылды.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, имарат абал турукташканга чейин жабык болот.

Буга бир катар кызматкерлерден вирус жана пневмония аныкталганы себеп.

Ал эми тергөө судьялары жумуштун шартына жараша иштей берет.

Республикадагы башка сот органдары чектөөсүз ишин улантышууда.