Ушул жылдын алты айында мамлекеттик ишканалардын кирешеси 1 миллиард сомдон ашты.
Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
Анын айтымында, мамлекет катышкан акционердик коомдордун кирешеси 6 миллиард 500 миллион сомдон көп болду.
Киреше активдүү иштеп жаткан 20 компаниядан түштү.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 95 мамлекеттик ишкана бар.
Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча анын тогузу пайдасыз деп табылды.