Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жаралган кырдаалдан пайдаланып, жеке кызыкчылыгы үчүн каражат чогулткан шылуундардан этият болууга чакырды.
Анда көчөдө, соода түйүндөрүндө, ишкана-мекемелерди аралап «Баткенге жардам» деген жазуусу бар баштыкча же кутуча көтөрүп жүргөн кишилерге жардам көрсөтпөө керектигин эскертилди.
Ош шаарында гуманитардык жардам калаанын борбордук аянтында уюштурулган пунктта кабыл алынууда.