Ысык-Көлдө өтө турган ШКУнун тогузунчу эл аралык марафонуна катышууга 20 өлкөдөн 2 миң арыз түштү.
Бул тууралуу Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров билдирди. Эске салсак,
аталган спорттук ири иш-чара 15-майда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Шанхай кызматташтык уюмунун
Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына,
Олимпиада жана Азия оюндарына жолдомо берилет