Бишкектин борборун маршруттук таксилерден бошоткондон кийин, алардын айдоочулары жумушсуз калбайт

Бишкектин борборун маршруттук таксилерден бошоткондон кийин, алардын айдоочулары жумушсуз калбайт. Биздин радиого “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын начальниги Нурлан Койчубаков түшүндүргөндөй, ордо калаанын аймагында 53 жаңы конуш бар.

 

Алардан күн сайын маршруттук линия ачуу боюнча каттар келет. Борбордук бөлүктөн алынган кичи автобустар, ошол конуштарга каттап калат, — деди Койчубаков.