Кыргызстанга Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби каттамы боюнча биринчи учак келди. “Манас” аэропортунан билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмиратынын борборуна Бишкектен түз бара алышат.
Учактар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү каттайт. Учуу узактыгы 4 саатты түзөт.