Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

 

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул эки өлкө чек арачыларынын сүйлөшүүлөрүнүн алкагында мүмкүн болду. Окуя бүгүн эртең менен Кадамжай районунун Чекелик айылында  болду. Биздин жарандар бул жерге Талас облусунан келип, билбей эле чек арадан өтүп алышкан.