Өзгөн жана Токтогул райондорунда компьютердик томография борборлору ачылат

Өзгөн жана Токтогул райондорунда компьютердик томография борборлору ачылат. Долбоорду ишке ашыруу 5 миллион долларга айланат. Каражатты жеке инвестор бөлүп берет.

 

Бул программа Бишкектеги жана аймактардагы медициналык мекемелерде томографиялык диагностика борборлорун түзүү максатында ишке ашууда. Долбоордун алкагында заманбап жабдууларды орнотуу менен атайын кабинеттерди куруу жана түзүү иштери жүрүп жатат.