2000 доллар пара алды деп шектелген Ленин райсотунун судьясы камакка алынды

 УКМК ишти оң жагына чечип берем деп 2000 доллар пара талап кылууга шектелген Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун К.Н.Т. аттуу судьясы Соттор кеңешинин чечиминин негизинде камакка алынганын кабарлады.
Аталган судья ушул жылдын апрелинде колго түшүрүлүп, иш козголгон. УКМК тараткан маалыматта акча алууда ортомчу болгон судьянын консультанты менен анын жакын досу да кармалганы айтылат. Ошондой эле судьянын мындан башка да банктык которуулар аркылуу пара алып жүргөнү аныкталган. Ал иштерге судьянын тууганы менен эжесинин катыштыгы болгон.
5-сентябрда Башкы прокуратура чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелери («Пара талап кылуу жана алуу») менен экинчи кылмыш ишин козгогон. 16-октябрда Соттор кеңешинин чечиминин негизинде Биринчи май райондук соту өкүм чыгарып, К.Н.Т. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.