Өзгөндө айланма жолдун курулушу башталды.
Район администрациясынан билдиришкендей, долбоордун баасы 2 миллиард 600 миллион сомду түзөт. Трассанын жалпы узундугу 14 чакырым. Келечекте ал бир тараптуу болуп, ал аркылуу жүрүүдө айдоочулардан төлөм алынат.
Курулуш аймагына турак-жайлар кирбейт, бирок айдоо жерлери бар. Бул тилкелердин ээлерине компенсация төлөнөт.