Килиан Мбаппе мадриддик “Реалдын” эң кирешелүү оюнчусу болгусу келет

Франциялык чабуулчу Килиан Мбаппе мадриддик “Реалдын” эң кирешелүү оюнчусу болгусу келет. Ал испаниялык клубдун жетекчилигинен жылына 75 миллион евро маяна талап кылды.

 

Эгер Мбаппе “Реалга” эркин агент катары өтсө, анда каржылык бонустарга дагы ээ болот.

 

Эске салсак, учурда франциялык футболчу ПСЖнын жылдызы. Париж клубу менен келишим ушул жайда соңуна чыгат, андыктан, ал азыртан “Реал” менен макулдашуу түзүү ниетинде.