Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 12 билим берүү объектисинин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары аяктады

Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 12 билим берүү объектисинин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары аяктады.

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объектилер Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Нарын,

Ош жана Талас облустарында жайгашат. Курулуп бүткөн мектептерде жалпысынан 2 миң 820 орун түзүлдү.

Мектептер бардык зарыл техника жана эмеректер менен камсыздалды. Ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттары жана

видеобайкоо орнотулду. Билим берүү мекемелерин куруу иштерине мамлекеттик бюджеттен 475 миллион 760 миң сом бөлүнгөн.