Бала бакчалардын иштөө тартиби өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигине таянуу менен “Акипресс” билдирет.
Маалыматка караганда, мектепке чейинки даярдоо мекемелери санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөл кызматынын корутундусунун негизинде кадимки режимде иштесе болот.
Министрликтен белгилешкендей, учурда балдарды кабыл алуу жүрүп жатат.
Ал үчүн ата-энелер balabakcha.edu.gov.kg сайтына электрондук түрдө кезекке турса болот.