Бишкек мэриясы 120 электробус жана заряддоочу инфраструктураны сатып алууга тендер жарыялады

Бишкек мэриясы 120 электробус жана заряддоочу инфраструктураны сатып алууга тендер жарыялады. Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, унаалар кийинки жылдын күзүндө жеткирилиши күтүлүүдө.

 

Белгилүү болгондой, электр кубаты менен жүргөн автобустарды сатып алууга дээрлик 59 миллион доллар жумшалат, анын бир бөлүгү грант, калганы 32 жылга насыя түрүндө Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилет.