Кыргызстанда 174 гектар жер мыйзамдаштырылды

Кыргызстанда 174 гектар жер мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. “Кадастр” мамлекеттик ишканасы жерди басып алгандарга тилкелерди мыйзамдаштырууга документтерди берүү боюнча иштерди улантууда.

 

Ведомстводон такташкандай, учурга карата уруксаты жок курулган үйлөргө жана чарбачылык курулуш объектилерине  815 техпаспорт берилди.