Японияда 65 жаштан жогору адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Японияда 65 жаштан жогору адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Учурда алар дээрлик 36,5 миллионго жетти, бул калктын 29 пайызын түзөт.

Муну менен Япония карылар жашаган өлкөлөр арасында дүйнөдө биринчи

орунда жайгашты. Бир жыл ичинде Японияда улгайгандардын саны 220 миңге өстү.

Ошондой эле иштеген пенсионерлердин дагы саны өсүп, 9 миллионго жетти.

65 жаштан жогорку курактагылар акыркы 17 жылдан бери

жаштардай эле жумуш менен камсыз.