Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов проспектисинин «Киргизия-1» конушунун
аймагында № 8 автобустун айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн.
Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
«Тез жардам» кызматынын маалыматында, 15 киши ооруканага жеткирилди.
Алардын төртөө жаш балдар. Олуттуу жаракат алгандар жок.