Бүгүн өлкө мектептеринде 3-чейрек башталды

Бүгүн өлкө мектептеринде 3-чейрек башталды. Окуучулар 12 күндүк эс алуудан кийин парталарга кайтып келди. Кышкы каникулдар 31-декабрда башталган. Ал эми кийинки, жазгы каникулдар – 21-марттан 30-мартка чейин созулат.

 

Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жатканына карабай, окуу кадимки форматта уланат.